الطارق - Таарик

وَٱلسَّمَآءِ وَٱلطَّارِقِ

Уас-Сама`и Уат-Тариик.

Асманга жана таңкы жылдызга ант!

Cүрөө: 86 | Аят 1

وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا ٱلطَّارِقُ

Уа Ма Адрака Мат-Тариик.

Бул жарык жылдызды сен кайдан билесиң?

Cүрөө: 86 | Аят 2

ٱلنَّجْمُ ٱلثَّاقِبُ

Ан-Наджмус-Сакииб.

Ал балбылдаган жарык жылдыз.

Cүрөө: 86 | Аят 3

إِن كُلُّ نَفْسٍۢ لَّمَّا عَلَيْهَا حَافِظٌۭ

Ин Куллю Нафсин Лямма `Алейна Хафииз.

Жанында (жазып туруучу) көзөмөлдөөчү болбогон бир да жан жок.

Cүрөө: 86 | Аят 4

فَلْيَنظُرِ ٱلْإِنسَـٰنُ مِمَّ خُلِقَ

Фальйанзуриль-Инсану Мимма Хулиик.

Инсан өзүнүн эмнеден жаралганына карап көрсүнчү!

Cүрөө: 86 | Аят 5

خُلِقَ مِن مَّآءٍۢ دَافِقٍۢ

Хулика Мин Ма`ин Дафиик.

Ал атылып чыгуучу суудан жаратылган.

Cүрөө: 86 | Аят 6

يَخْرُجُ مِنۢ بَيْنِ ٱلصُّلْبِ وَٱلتَّرَآئِبِ

Йахруджу Мин Байнис-Сульби Уат-Тара`ииб.

(Ал суу) бел жана көкүрөк арасынан чыгат.

Cүрөө: 86 | Аят 7

إِنَّهُۥ عَلَىٰ رَجْعِهِۦ لَقَادِرٌۭ

Иннаху `Аля Радж`ихи Лякадиир.

Акыйкатта, Ал аны өзүнө кайтарып тирилтүүгө кудуреттүү.

Cүрөө: 86 | Аят 8

يَوْمَ تُبْلَى ٱلسَّرَآئِرُ

Йаума Тубляс-Сара`иир.

Бардык сырлар ачылып сыналган күнү.

Cүрөө: 86 | Аят 9

فَمَا لَهُۥ مِن قُوَّةٍۢ وَلَا نَاصِرٍۢ

Фама Ляху Мин Куватин Уа Ля Насыыр.

Анда күч-кубат да, жардамчы да болбой калганда!

Cүрөө: 86 | Аят 10

وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلرَّجْعِ

Уас-Сама`и Затир-Радж`.

Жаан токкон асманга ант!

Cүрөө: 86 | Аят 11

وَٱلْأَرْضِ ذَاتِ ٱلصَّدْعِ

Уаль-Арды Затис-Сад`.

Көөп-жарылган жерге ант!

Cүрөө: 86 | Аят 12

إِنَّهُۥ لَقَوْلٌۭ فَصْلٌۭ

Иннаху Лякаулюн Фасль.

Акыйкатта, бул (Куран) ажыратуучу Сөз.

Cүрөө: 86 | Аят 13

وَمَا هُوَ بِٱلْهَزْلِ

Уа Ма Хуа Биль-Хазль.

Ал эч кандай азил сөз эмес!

Cүрөө: 86 | Аят 14

إِنَّهُمْ يَكِيدُونَ كَيْدًۭا

Иннахум Йакидуна Кайдаа.

Алар (каапырлар) амалкөйлүк, куулук кылышат.

Cүрөө: 86 | Аят 15

وَأَكِيدُ كَيْدًۭا

Уа Акиду Кайдаа.

Мен да аларга амалкөйлүк көргөзөм.

Cүрөө: 86 | Аят 16

فَمَهِّلِ ٱلْكَـٰفِرِينَ أَمْهِلْهُمْ رُوَيْدًۢا

Фамахилиль-Кафирина Амхильхум Рувайдаа.

Каапырларга бир аз мөөнөт бер.

Cүрөө: 86 | Аят 17