الأعلى - А'лаа

سَبِّحِ ٱسْمَ رَبِّكَ ٱلْأَعْلَى

Саббихисма Раббикаль-`А`ля.

Жогору даражалуу Эгеңдин атын аруула!

Cүрөө: 87 | Аят 1

ٱلَّذِى خَلَقَ فَسَوَّىٰ

Аль-Лязи Халяка Фасаууаа.

Ал баарын жараткан жана текшилеген.

Cүрөө: 87 | Аят 2

وَٱلَّذِى قَدَّرَ فَهَدَىٰ

Уаль-Лязи Каддара Фахадаа.

Ал баарын өлчөп жана багыттап койгон.

Cүрөө: 87 | Аят 3

وَٱلَّذِىٓ أَخْرَجَ ٱلْمَرْعَىٰ

Уаль-Лязи Ахраджаль-Мар`аа.

Жана да Ал жайыт чөптөрүн чыгарган (өстүргөн).

Cүрөө: 87 | Аят 4

فَجَعَلَهُۥ غُثَآءً أَحْوَىٰ

Фаджа`аляху Гуса`ан Ахуаа.

Андан соң Ал аны карарган куурайга айландырат.

Cүрөө: 87 | Аят 5

سَنُقْرِئُكَ فَلَا تَنسَىٰٓ

Санукри`ука Фаля Тансаа.

Биз сени окутабыз, анан сен такыр унутпайсың,

Cүрөө: 87 | Аят 6

إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُ ۚ إِنَّهُۥ يَعْلَمُ ٱلْجَهْرَ وَمَا يَخْفَىٰ

Иля Ма Ша`а Аллаху Иннаху Йа`лямуль-Джахра Уа Ма Йахфаа.

бирок, Аллах каалагандардан башкаларын. Албетте, Ал ачыкты да, жашыруунду да билип турат.

Cүрөө: 87 | Аят 7

وَنُيَسِّرُكَ لِلْيُسْرَىٰ

Уа Нуйассирука Лильйусраа.

Биз сага жеңилдикти оңой кылабыз.

Cүрөө: 87 | Аят 8

فَذَكِّرْ إِن نَّفَعَتِ ٱلذِّكْرَىٰ

Фазаккир Ин Нафа`атиз-Зикраа.

Эгер эскертүү пайдалуу болсо, анда эскерткин.

Cүрөө: 87 | Аят 9

سَيَذَّكَّرُ مَن يَخْشَىٰ

Сайаззаккару Ман Йахшаа.

Ким корккон болсо, ал насаат-сабак ала берет.

Cүрөө: 87 | Аят 10

وَيَتَجَنَّبُهَا ٱلْأَشْقَى

Уа Йатаджаннабухаль-Ашкаа.

Ал эми эскертүүдөн бактысыз гана баш тартат.

Cүрөө: 87 | Аят 11

ٱلَّذِى يَصْلَى ٱلنَّارَ ٱلْكُبْرَىٰ

Аль-Лязи Йаслян-Нараль-Кубраа.

Ал алоолонгон чоң отто күйөт.

Cүрөө: 87 | Аят 12

ثُمَّ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحْيَىٰ

Сумма Ля Йамуту Фиха Уа Ля Йахйаа.

Ал анда өлүп да калбайт, (же) тирүү да боло албайт.

Cүрөө: 87 | Аят 13

قَدْ أَفْلَحَ مَن تَزَكَّىٰ

Кад Афляха Ман Тазаккаа.

Ким тазаланса, ал ийгиликке жеткени,

Cүрөө: 87 | Аят 14

وَذَكَرَ ٱسْمَ رَبِّهِۦ فَصَلَّىٰ

Уа Закарасма Раббихи Фасалля.

Эгесинин атын эстеп, анан намаз окуса.

Cүрөө: 87 | Аят 15

بَلْ تُؤْثِرُونَ ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَا

Баль Ту`сируналь-Хайаатад-Дунья.

Жок! Кантсе да, силер бул дүйнөнүн жашоосун артык көрөсүңөр.

Cүрөө: 87 | Аят 16

وَٱلْـَٔاخِرَةُ خَيْرٌۭ وَأَبْقَىٰٓ

Уаль-Ахирату Хайрун Уа Абкаа.

Бирок, Акырет жашоосу эң жакшы жана түбөлүктүү.

Cүрөө: 87 | Аят 17

إِنَّ هَـٰذَا لَفِى ٱلصُّحُفِ ٱلْأُولَىٰ

Инна Хаза Ляфис-Сухуфиль-Уля.

Акыйкатта, бул мурунку барактарда да бар.

Cүрөө: 87 | Аят 18

صُحُفِ إِبْرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ

Сухуфи Ибрахима Уа Мусаа.

Ибрахим менен Мусанын барактарында.

Cүрөө: 87 | Аят 19