الفيل - Фил | Пил

أَلَمْ تَرَ كَيْفَ فَعَلَ رَبُّكَ بِأَصْحَـٰبِ ٱلْفِيلِ

Алям Тара Кайфа Фа`аля Раббука Би`асхабиль-Фииль.

Сенин Эгең пил ээлерин эмне кылганын көрбөйсүңбү?

Cүрөө: 105 | Аят 1

أَلَمْ يَجْعَلْ كَيْدَهُمْ فِى تَضْلِيلٍۢ

Алям Йадж`аль Кайдахум Фи Тадлииль.

Ал алардын арам ой-максаттарын ойрон кылбадыбы?

Cүрөө: 105 | Аят 2

وَأَرْسَلَ عَلَيْهِمْ طَيْرًا أَبَابِيلَ

Уа Арсаля `Алейхим Тайраан Абабииль.

Ал аларга тобу менен куштарды жөнөтпөдүбү?

Cүрөө: 105 | Аят 3

تَرْمِيهِم بِحِجَارَةٍۢ مِّن سِجِّيلٍۢ

Тармихим Бихиджаратин Мин Сиджииль.

Ал куштар тигилердин үстүнө бышкан чопо таштарды ташташты.

Cүрөө: 105 | Аят 4

فَجَعَلَهُمْ كَعَصْفٍۢ مَّأْكُولٍۭ

Фаджа`аляхум Ка`асфин Ма`кууль.

Ошентип, аларды чайналган эгиндей кылып салды.

Cүрөө: 105 | Аят 5