الهمزة - Хумаза
وَيْلٌۭ لِّكُلِّ هُمَزَةٍۢ لُّمَزَةٍ
Уайлюн Ликулли Хумазатин Люмаза.
Тили жана кыймыл-аракети менен кайбат кылуучуга азап болсун!
Cүрөө: 104 | Аят 1
ٱلَّذِى جَمَعَ مَالًۭا وَعَدَّدَهُۥ
Аль-Лязи Джама`а Малян Уа `Аддада.
Ал мал-дүйнө топтоп, аны санады.
Cүрөө: 104 | Аят 2
يَحْسَبُ أَنَّ مَالَهُۥٓ أَخْلَدَهُۥ
Йахсабу Анна Маляху Ахляда.
Топтогон мал-дүйнөсү аны түбөлүктүү кылат деп ойлойт.
Cүрөө: 104 | Аят 3
كَلَّا ۖ لَيُنۢبَذَنَّ فِى ٱلْحُطَمَةِ
Калля Ляйунбазанна Филь-Хутама.
Жок! (Андай болбойт) ал сөзсүз "быркыратуучуга " (тозокко) ыргытылат.
Cүрөө: 104 | Аят 4
وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا ٱلْحُطَمَةُ
Уа Ма Адрака Маль-Хутама.
"Быркыратуучу" эмне экенин билесиңби?
Cүрөө: 104 | Аят 5
نَارُ ٱللَّهِ ٱلْمُوقَدَةُ
НаруЛлахиль-Мукада.
Ал Аллахтын жагылган оту.
Cүрөө: 104 | Аят 6
ٱلَّتِى تَطَّلِعُ عَلَى ٱلْأَفْـِٔدَةِ
Алляти Таттали`у `Аляль-Аф`ида.
Ал (денени көзөп өтүп) жүрөктөргө чейин жетет.
Cүрөө: 104 | Аят 7
إِنَّهَا عَلَيْهِم مُّؤْصَدَةٌۭ
Иннаха `Алейхим Му`сада
Албетте, ал алардын үстүнө жабылат.
Cүрөө: 104 | Аят 8
فِى عَمَدٍۢ مُّمَدَّدَةٍۭ
Фи `Амадин Мумаддада.
(Бийикте) тартылаган устундардын ичинде.
Cүрөө: 104 | Аят 9