الأنفال - Анфал | Олжолор

يَسْـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلْأَنفَالِ ۖ قُلِ ٱلْأَنفَالُ لِلَّهِ وَٱلرَّسُولِ ۖ فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَصْلِحُوا۟ ذَاتَ بَيْنِكُمْ ۖ وَأَطِيعُوا۟ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ

Йас-алу-нака ’анил-анфал. Кулил-Анфалу ли-ЛЛахи уар-Расул; фатта-ку-ЛЛаха уа аслиху зата бай-ни-кум; уа аты’у-ЛЛаха уа Расу-лаху ин-кунтум-Му-минин

Алар сенден олжолор жөнүндө сурашат. "Олжолор Аллахка жана Элчисине таандык. Эгер силер момун болсоңор, Аллахтан корккула, араңарды оңдогула , Аллахка жана Анын Элчисине баш ийгиле!" - деп айткын.

Cүрөө: 8 | Аят 1

إِنَّمَا ٱلْمُؤْمِنُونَ ٱلَّذِينَ إِذَا ذُكِرَ ٱللَّهُ وَجِلَتْ قُلُوبُهُمْ وَإِذَا تُلِيَتْ عَلَيْهِمْ ءَايَـٰتُهُۥ زَادَتْهُمْ إِيمَـٰنًۭا وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ

Иннамал-Мумину-наллазина иза зуки-ра-ЛЛаху уажи-лат кулубухум уа иза тули-йат ’алайхим Айату-ху задат-хум иманау-уа ’ала Раббихим йата-уакка-лун

Чынында момундар, Аллах эскерилгенде жүрөктөрү корккондор, аяттары окулганда, аларга Анын ыйманы күчөйт жана өздөрүнүн Эгесине гана тобокел кылышат.

Cүрөө: 8 | Аят 2

ٱلَّذِينَ يُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَمِمَّا رَزَقْنَـٰهُمْ يُنفِقُونَ

Аллазина йукимунас-Салата уа мимма разакнахум йунфикун

Алар намаз окушат жана Биз берген ырыскылардан (Аллах жолуна) сарпташат.

Cүрөө: 8 | Аят 3

أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُؤْمِنُونَ حَقًّۭا ۚ لَّهُمْ دَرَجَـٰتٌ عِندَ رَبِّهِمْ وَمَغْفِرَةٌۭ وَرِزْقٌۭ كَرِيمٌۭ

Ула-ика хумул-Му-минуна хакка; лахум да-ражатун ’инда Раббихим уа магфиратуу-уа ризкун-карим

Булар анык ыймандуулар. Аларга Эгесинин алдында даражалар, кечирим жана мол ырыскылар бар.

Cүрөө: 8 | Аят 4

كَمَآ أَخْرَجَكَ رَبُّكَ مِنۢ بَيْتِكَ بِٱلْحَقِّ وَإِنَّ فَرِيقًۭا مِّنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ لَكَـٰرِهُونَ

Кама ахражака Раббука мим-байтика бил-хакки, уа инна фарикам-минал-Му-минина ла-карихун

Мына ушундай, момундардын бир бөлүгү жактырышпаса да, Эгең сени акыйкаттык менен үйүңдөн алып чыккан.

Cүрөө: 8 | Аят 5

يُجَـٰدِلُونَكَ فِى ٱلْحَقِّ بَعْدَ مَا تَبَيَّنَ كَأَنَّمَا يُسَاقُونَ إِلَى ٱلْمَوْتِ وَهُمْ يَنظُرُونَ

Йужади-лунака фил-Хакки ба’-да ма табаййана ка-аннама йуса-куна илал-маути уа хум йанзарун

Билингенден кийин да аларды өлүмгө айдап жаткан жана алар аны (өлүмдү) көргөн өңдүү сени менен акыйкат жөнүндө жаңжалдашат.

Cүрөө: 8 | Аят 6

وَإِذْ يَعِدُكُمُ ٱللَّهُ إِحْدَى ٱلطَّآئِفَتَيْنِ أَنَّهَا لَكُمْ وَتَوَدُّونَ أَنَّ غَيْرَ ذَاتِ ٱلشَّوْكَةِ تَكُونُ لَكُمْ وَيُرِيدُ ٱللَّهُ أَن يُحِقَّ ٱلْحَقَّ بِكَلِمَـٰتِهِۦ وَيَقْطَعَ دَابِرَ ٱلْكَـٰفِرِينَ

00000000

Ошол кезде Аллах эки топтун бири силердики болорун убада кылган эле. Куралсыздары силердики болуусун кааладыңар эле. Бирок Аллах Өз сөзү аркылуу чындык бекемделишин жана каапырлардын арты кыркылуусун каалады.

Cүрөө: 8 | Аят 7

لِيُحِقَّ ٱلْحَقَّ وَيُبْطِلَ ٱلْبَـٰطِلَ وَلَوْ كَرِهَ ٱلْمُجْرِمُونَ

Ли-йухиккал-Хакка уа йуб-тылал Батыла уа лау карихал-мужримун

Күнөөкөрлөр жек көрсө да, акыйкат чынга айлансын, жалганчылык жок болсун үчүн!

Cүрөө: 8 | Аят 8

إِذْ تَسْتَغِيثُونَ رَبَّكُمْ فَٱسْتَجَابَ لَكُمْ أَنِّى مُمِدُّكُم بِأَلْفٍۢ مِّنَ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةِ مُرْدِفِينَ

Из таста-гисуна Раббакум фаста-жаба лакум анни мумиддукум-би-алфим-миналмала-икати мур-дифин

Силер Эгеңерден жардам сураган учурда Ал силерге жооп кылып: "Акыйкатта, Мен силерди сап-сап болгон миңдеген колдойм" периштелер менен (деди).

Cүрөө: 8 | Аят 9

وَمَا جَعَلَهُ ٱللَّهُ إِلَّا بُشْرَىٰ وَلِتَطْمَئِنَّ بِهِۦ قُلُوبُكُمْ ۚ وَمَا ٱلنَّصْرُ إِلَّا مِنْ عِندِ ٱللَّهِ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

Уа ма жа-’алаху-ЛЛаху илла бушра уа ли-татма-инна бихи кулубукум. Уа маннасру илла мин ’инди-ЛЛах; инна-ЛЛаха ’азизун-Хаким

Аллах шексиз түрдө силердин жүрөгүңөрдү тынчтандыруу үчүн муну силерге сүйүнчүлөдү. Жардам Аллахтын кашында. Акыйкатта, Аллах Ызааттуу жана Даанышман.

Cүрөө: 8 | Аят 10

إِذْ يُغَشِّيكُمُ ٱلنُّعَاسَ أَمَنَةًۭ مِّنْهُ وَيُنَزِّلُ عَلَيْكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ لِّيُطَهِّرَكُم بِهِۦ وَيُذْهِبَ عَنكُمْ رِجْزَ ٱلشَّيْطَـٰنِ وَلِيَرْبِطَ عَلَىٰ قُلُوبِكُمْ وَيُثَبِّتَ بِهِ ٱلْأَقْدَامَ

Из йугашши-кумунну’аса аманатам-ми-нху уа йуназзилу ’алайкум минас-сама-и ма-ал-лийу-таххиракум-бихи уа йузхиба ’анкум рижзаш-Шайтани уа ли-йарбита ’ала кулубикум уа йусабби-та бихил-акдам

Ал Өз мээримдүүлүгү катары силерге тынчтандыруу үчүн куш уйку берди. Ал силерди тазалоо, шайтандын азгырыгынан куткаруу, жүрөгүңөрдү байланыштыруу жана басыгыңарды бекемдөө үчүн асмандан жамгыр жаадырды.

Cүрөө: 8 | Аят 11

إِذْ يُوحِى رَبُّكَ إِلَى ٱلْمَلَـٰٓئِكَةِ أَنِّى مَعَكُمْ فَثَبِّتُوا۟ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ۚ سَأُلْقِى فِى قُلُوبِ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ ٱلرُّعْبَ فَٱضْرِبُوا۟ فَوْقَ ٱلْأَعْنَاقِ وَٱضْرِبُوا۟ مِنْهُمْ كُلَّ بَنَانٍۢ

Из йухи Раббука илал-мала-икати анни ма-’акум фасабби-туллазина аману. Саулки фи кулу-биллазина кафарурру’-ба фадрибу фау-кал-а’-наки уадрибу мин-хум кулла банан

Качан сенин Эгең периштелерге: "Акыйкатта, Мен силер мененмин. Ыймандууларды бекемдегиле! Мен каапырлардын жүрөгүнө коркунуч салам. Алардын баштарына жана манжаларына ургула!"

Cүрөө: 8 | Аят 12

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ شَآقُّوا۟ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ ۚ وَمَن يُشَاقِقِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَإِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلْعِقَابِ

Залика би-аннахум шак-ку-ЛЛаха уа Расулах; уа май-йушаки-ки-ЛЛаха уа Расулаху фа-инна-ЛЛаха шадидул-’икаб

Бул алардын Аллахка жана Элчи сине каршы чыккандары үчүн. Кимде ким Аллахка жана Элчисине каршы чыкса, анда Аллах жазалоодо катуу.

Cүрөө: 8 | Аят 13

ذَٰلِكُمْ فَذُوقُوهُ وَأَنَّ لِلْكَـٰفِرِينَ عَذَابَ ٱلنَّارِ

Заликум фазу-куху уа анна лил-кафи-рина ’азабан-Нар

Мына ушуну таткыла! Албетте, от азабы каапырлар үчүн.

Cүрөө: 8 | Аят 14

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِذَا لَقِيتُمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ زَحْفًۭا فَلَا تُوَلُّوهُمُ ٱلْأَدْبَارَ

Йа аййу-халлазина аману иза лакиту-муллазина кафару захфан-фала ту-уаллу-хумул-адбар

Эй, ыймандуулар! Согушта катарлашкан каапырлар тобу менен кездеш кен кезде артка чегинбегиле.

Cүрөө: 8 | Аят 15

وَمَن يُوَلِّهِمْ يَوْمَئِذٍۢ دُبُرَهُۥٓ إِلَّا مُتَحَرِّفًۭا لِّقِتَالٍ أَوْ مُتَحَيِّزًا إِلَىٰ فِئَةٍۢ فَقَدْ بَآءَ بِغَضَبٍۢ مِّنَ ٱللَّهِ وَمَأْوَىٰهُ جَهَنَّمُ ۖ وَبِئْسَ ٱلْمَصِيرُ

Уа май-йу-уаллихим йау-ма-изин-дубураху илла му-та-харрифал-ликиталин ау мута-хаййизан ила фи-атин факад ба-а би-гадабим-мина-ЛЛахи уа ма-уаху Жаханнам, уа би-сал-масыр

Ким эгер ошол күнү согушууга ыңгайлуу абалды ээлөө үчүн, же (өздөрүнөн) башка топко кошулуу үчү гана артка чегинбесе, анда ал Аллахтын каарына калат. Анын жайы - тозок , ал кандай жаман.

Cүрөө: 8 | Аят 16

فَلَمْ تَقْتُلُوهُمْ وَلَـٰكِنَّ ٱللَّهَ قَتَلَهُمْ ۚ وَمَا رَمَيْتَ إِذْ رَمَيْتَ وَلَـٰكِنَّ ٱللَّهَ رَمَىٰ ۚ وَلِيُبْلِىَ ٱلْمُؤْمِنِينَ مِنْهُ بَلَآءً حَسَنًا ۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌۭ

Фалам тактулухум уалакинна-ЛЛаха каталахум. Уа ма ра-майта из ра-майта уа лакинна-ЛЛаха рама; уа лийубли-йал-Му-минина минху бала-ан хасана; инна-ЛЛаха Сами-’ун ’алим

Аларды силер өлтүрбөдүңөр, Аллах өлтүрдү. Аларга (кум) чачканыңда, сен чачпадың, момундарды жакшы сынак менен сыноо үчүн - Аллах чачты. Албетте, Аллах - Угуучу, Билүүчү.

Cүрөө: 8 | Аят 17

ذَٰلِكُمْ وَأَنَّ ٱللَّهَ مُوهِنُ كَيْدِ ٱلْكَـٰفِرِينَ

Заликум уа анна-ЛЛаха мухину кайдил-кафи-рин

Бул ушундай. Акыйкатта, Аллах - каапырлардын айла-амалдарын алсыз кылуучу.

Cүрөө: 8 | Аят 18

إِن تَسْتَفْتِحُوا۟ فَقَدْ جَآءَكُمُ ٱلْفَتْحُ ۖ وَإِن تَنتَهُوا۟ فَهُوَ خَيْرٌۭ لَّكُمْ ۖ وَإِن تَعُودُوا۟ نَعُدْ وَلَن تُغْنِىَ عَنكُمْ فِئَتُكُمْ شَيْـًۭٔا وَلَوْ كَثُرَتْ وَأَنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلْمُؤْمِنِينَ

Ин-тастаф-тиху факад жаакумул-фат-х. Уа ин тан-таху фа-хууа хайрул-лакум. Уа ин-та-’уду на-’уд. Уа лан тугнийа ’анкум фи-атукум шай-ау-уа лау касурат уа анна-ЛЛаха ма-’ал-Му-минин

Силер жеңиш тиледиңер эле, тилегиңер силердин зыяныңарга келди. Эми силер тыйылсаңар, ал силер үчүн жакшы. Эгер кайталасаңар, Биз да кайталайбыз. Силердин тобуңар көп болсо деле, силерге жардам кыла албайт. Албетте, Аллах момундар менен бирге.

Cүрөө: 8 | Аят 19

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ أَطِيعُوا۟ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَلَا تَوَلَّوْا۟ عَنْهُ وَأَنتُمْ تَسْمَعُونَ

Йа-аййу-халлазина аману аты-’у-ЛЛаха уа Расу-лаху уа ла та-уаллау ’анху уа антум тасма-’ун

Эй, ыймандуулар! Аллахка жана Элчисине моюн сунгула! Куранды угуп туруп, Пайгамбардан жүз үйрүбөгүлө!

Cүрөө: 8 | Аят 20

وَلَا تَكُونُوا۟ كَٱلَّذِينَ قَالُوا۟ سَمِعْنَا وَهُمْ لَا يَسْمَعُونَ

Уа ла такуну кал-лазина калу сами’-на уа хум ла йасма-’ун

"Уктук!" - дешип, укпагандар сыяктуу болбогула.

Cүрөө: 8 | Аят 21

إِنَّ شَرَّ ٱلدَّوَآبِّ عِندَ ٱللَّهِ ٱلصُّمُّ ٱلْبُكْمُ ٱلَّذِينَ لَا يَعْقِلُونَ

Инна шаррадда-уабби ’инда-ЛЛахис-суммул-бук-муллазина ла йа’-килун

Чынында, Аллахтын алдында жандуулардын эң жаманы акыл калчабаган дүлөйлөр жана дудуктар.

Cүрөө: 8 | Аят 22

وَلَوْ عَلِمَ ٱللَّهُ فِيهِمْ خَيْرًۭا لَّأَسْمَعَهُمْ ۖ وَلَوْ أَسْمَعَهُمْ لَتَوَلَّوا۟ وَّهُم مُّعْرِضُونَ

Уа лау ’алима-ЛЛаху фихим хайрал-ла-асма-’ахум; уа лау асма-’ахум ла-та-уал-лау-уа хум-му’-ридун

Эгерде Аллах алардан бир жакшылык байкаса, аларды уккудай кылар эле. Бирок, аларга угузса да, алар жалтактана баш тартышаар эле.

Cүрөө: 8 | Аят 23

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱسْتَجِيبُوا۟ لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ ۖ وَٱعْلَمُوٓا۟ أَنَّ ٱللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ ٱلْمَرْءِ وَقَلْبِهِۦ وَأَنَّهُۥٓ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ

Йа аййу-халлазина аманус-тажибу ли-ЛЛахи уа лир-Расули иза да-’акум лима йух-йикум; уа’-ламу ан-на-ЛЛаха йахулу байнал-мари уа калбихи уа анна-ху илайхи тух-шарун

Эй, ыймандуулар! Силер үчүн жакшылык алып келүүчү нерсеге чакырып жатканда Аллахка жана Элчисине ээрчигиле. Жана да Аллах инсан менен анын жүрөгүнүн араларында экендигин", силер Ага кайтып бара тургандыгыңарды билгиле.

Cүрөө: 8 | Аят 24

وَٱتَّقُوا۟ فِتْنَةًۭ لَّا تُصِيبَنَّ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ مِنكُمْ خَآصَّةًۭ ۖ وَٱعْلَمُوٓا۟ أَنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلْعِقَابِ

Уаттаку фитнатал-ла тусыбан-нал-лазина заламу минкум хас-сах; уа’ламу анна-ЛЛаха шадидул-’икаб

Силердин араңардагы келе турган чуудан сактангыла. Аллахтын катуу жаза берерин билгиле!

Cүрөө: 8 | Аят 25

وَٱذْكُرُوٓا۟ إِذْ أَنتُمْ قَلِيلٌۭ مُّسْتَضْعَفُونَ فِى ٱلْأَرْضِ تَخَافُونَ أَن يَتَخَطَّفَكُمُ ٱلنَّاسُ فَـَٔاوَىٰكُمْ وَأَيَّدَكُم بِنَصْرِهِۦ وَرَزَقَكُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَـٰتِ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

Уазкуру из антум калилум-мустад-’афуна фил-арды тахафуна ай-йатахаттафакумун-насу фаауакум уа аййадакум-бинас-рихи уа разакакум-минат-таййи-бати ла’аллакум ташкурун

Силер жер жүзүндө аз санда алсыз адамдар болгонуңарды эстегиле. Силер бизди багынтып алат деп коркчу элеңер. Силер шүгүр келтирүүңөр үчүн, Аллах силерге (Мединадан) жай берди жана Өзүнүн жардамы менен кубаттандырды. Силерге мол ырыскы улады.

Cүрөө: 8 | Аят 26

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَخُونُوا۟ ٱللَّهَ وَٱلرَّسُولَ وَتَخُونُوٓا۟ أَمَـٰنَـٰتِكُمْ وَأَنتُمْ تَعْلَمُونَ

Йа-аййу-халлазина аману ла таху-ну-ЛЛаха уар-Расула уа таху-ну амана-тикум уа антум та’-ламун

Эй, ыймандуулар! Аллахка жана Анын Элчисине кыянат кылбагыла. Силерге тапшырылган аманатка билип туруп кыянаттык жасабагыла!

Cүрөө: 8 | Аят 27

وَٱعْلَمُوٓا۟ أَنَّمَآ أَمْوَٰلُكُمْ وَأَوْلَـٰدُكُمْ فِتْنَةٌۭ وَأَنَّ ٱللَّهَ عِندَهُۥٓ أَجْرٌ عَظِيمٌۭ

Уа’-ламу аннама амуа-лукум уа ауладу-кум фитна-туу-уа анна-ЛЛаха ’индаху ажрун ’азым

Билгиле! Силердин мал-мүлкүңөр жана бала-чакаңар азгырма сыноо гана, а Аллахтын алдында зор сыйлыктар бар.

Cүрөө: 8 | Аят 28

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِن تَتَّقُوا۟ ٱللَّهَ يَجْعَل لَّكُمْ فُرْقَانًۭا وَيُكَفِّرْ عَنكُمْ سَيِّـَٔاتِكُمْ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ۗ وَٱللَّهُ ذُو ٱلْفَضْلِ ٱلْعَظِيمِ

Йа-аййу-халлазина аману ин-татта-ку-ЛЛаха йаж-’ал-лакум Фур-канау-уа йу-каффир ’анкум саййи-атикум уа йагфир лакум. Уа-ЛЛаху Зул-Фадлил-’азым

Эй, ыймандуулар! Эгер силер Аллахтан корксоңор Ал силерге жаман- жакшыны айырмалоочуну берет, жамандыгыңарды тазалап, күнөөңөрдү кечирет. Аллах - Улуу ырайымдын ээси.

Cүрөө: 8 | Аят 29

وَإِذْ يَمْكُرُ بِكَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لِيُثْبِتُوكَ أَوْ يَقْتُلُوكَ أَوْ يُخْرِجُوكَ ۚ وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ ٱللَّهُ ۖ وَٱللَّهُ خَيْرُ ٱلْمَـٰكِرِينَ

Уа из йамруку бикаллазина кафару ли-йусбитука ау йактулука ау йухри-жук. Уа йамку-руна уа йамку-ру-ЛЛах; уа-ЛЛаху Хайрул-макирин

Каапырлар сени камакка алуу, өлтүрүү, же кууп чыгуу үчүн айла-амал ойлошкон кезди (эстегин). Алар айла- амал кылышканда, Аллах да айла-амал кылды, Аллах - амалкөйлөрдүн эң мыктысы.

Cүрөө: 8 | Аят 30

وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ ءَايَـٰتُنَا قَالُوا۟ قَدْ سَمِعْنَا لَوْ نَشَآءُ لَقُلْنَا مِثْلَ هَـٰذَآ ۙ إِنْ هَـٰذَآ إِلَّآ أَسَـٰطِيرُ ٱلْأَوَّلِينَ

Уа иза тутла ’алайхим Айатуна калу кад сами’на лау наша-у ла-кулна мисла хаза ин хаза илла аса-тырул-аууалин

Аларга Биздин аяттар окулганда: "Биз мурда эле укканбыз. Эгер кааласак биз да ушундай айта алабыз. Бул байыркылардын эле жомогу", - дешет.

Cүрөө: 8 | Аят 31

وَإِذْ قَالُوا۟ ٱللَّهُمَّ إِن كَانَ هَـٰذَا هُوَ ٱلْحَقَّ مِنْ عِندِكَ فَأَمْطِرْ عَلَيْنَا حِجَارَةًۭ مِّنَ ٱلسَّمَآءِ أَوِ ٱئْتِنَا بِعَذَابٍ أَلِيمٍۢ

Уа из калу-ЛЛахумма ин-кана хаза хууал-Хакка мин ’индика фа-амтыр ’алай-на хижа-ратам-минас-сама-и ауи-тина би-’азабин алим

Качан алар: "Оо, Эгебиз! Бул Сенден келген акыйкат болсо, анда төбөбүзгө таштан жаан жаадыр, же бизге оорутуучу азап келтир", - дешкенин (эсте).

Cүрөө: 8 | Аят 32

وَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيُعَذِّبَهُمْ وَأَنتَ فِيهِمْ ۚ وَمَا كَانَ ٱللَّهُ مُعَذِّبَهُمْ وَهُمْ يَسْتَغْفِرُونَ

Уа ма кана-ЛЛаху лийу’аззи-бахум уа анта фихим; уа ма кана-ЛЛаху му-’аззибахум уа хум йастагфирун

Бирок, Аллах аларды сен алар менен болгон кезде жана алар кечирим сурап жаткан учурда жазалабайт.

Cүрөө: 8 | Аят 33

وَمَا لَهُمْ أَلَّا يُعَذِّبَهُمُ ٱللَّهُ وَهُمْ يَصُدُّونَ عَنِ ٱلْمَسْجِدِ ٱلْحَرَامِ وَمَا كَانُوٓا۟ أَوْلِيَآءَهُۥٓ ۚ إِنْ أَوْلِيَآؤُهُۥٓ إِلَّا ٱلْمُتَّقُونَ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

Уа ма лахум алла йу’аззиба-хуму-ЛЛаху уа хум йасуддуна ’анил-Масжиди-Харами уама кану айлийа-ах? Ин аули-йа-уху иллал-Мутта-куна уа-лакинна акса-рахум ла йа’-ламун

Алар ыймандууларды Ыйык Мечитке киргизбей жатса, эмне үчүн Аллах аларды жазалабасын?! Алар (каапырлар) анын ээлери эмес, акыйкатта анын ээлери такыбалар гана! Бирок, алардын көбү муну билишпейт.

Cүрөө: 8 | Аят 34

وَمَا كَانَ صَلَاتُهُمْ عِندَ ٱلْبَيْتِ إِلَّا مُكَآءًۭ وَتَصْدِيَةًۭ ۚ فَذُوقُوا۟ ٱلْعَذَابَ بِمَا كُنتُمْ تَكْفُرُونَ

Уа ма кана салатухум ’индал-Байти илла ма каау-уа тас-дийах; фазу-кул-’азаба бима кунтум такфурун

Алардын (Аллахтын) Үйүндөгү намаздары - ышкыруу жана тизилүү гана. (Эми) каапыр болгондугуңар үчүн мына ушундай азапты таткыла!

Cүрөө: 8 | Аят 35

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ يُنفِقُونَ أَمْوَٰلَهُمْ لِيَصُدُّوا۟ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ ۚ فَسَيُنفِقُونَهَا ثُمَّ تَكُونُ عَلَيْهِمْ حَسْرَةًۭ ثُمَّ يُغْلَبُونَ ۗ وَٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِلَىٰ جَهَنَّمَ

Иннал-лазина кафару йунфи-куна амуа-лахум лийасудду ’ан-Саби-ли-ЛЛах. Фаса-йунфи-кунаха сумма такуну ’алай-хим хасратан сумма йуг-лабун. Уаллазина кафару ила Жаханнама йухшаруна

Акыйкатта, каапырлар өздөрүнүн мал-мүлкүн адамдарды Аллахтын жолунан чыгаруу үчүн жумшашат. Алар сарпташат. Анан анысы өкүнүчкө айланат. Мындан соң жеңилүүгө дуушар болушат. А каапырлар тозокко чогултулат.

Cүрөө: 8 | Аят 36

لِيَمِيزَ ٱللَّهُ ٱلْخَبِيثَ مِنَ ٱلطَّيِّبِ وَيَجْعَلَ ٱلْخَبِيثَ بَعْضَهُۥ عَلَىٰ بَعْضٍۢ فَيَرْكُمَهُۥ جَمِيعًۭا فَيَجْعَلَهُۥ فِى جَهَنَّمَ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْخَـٰسِرُونَ

Ли-йами-за-ЛЛахул-хабиса минат-таййиби уа йаж-’алал-хабиса ба’-даху ’ала ба’дын фа-йар-кумаху жами-’ан-фа-йаж-’алаху фи Жаханнам. Ула-ика хумул-ха-сирун

Аллах жаманды жакшыдан ажыратуу үчүн жана жаманды биринин үстүнө бирин үйүп, тозокко салуу үчүн (чогултат). Аныгында алар зыянга кабылуучулар.

Cүрөө: 8 | Аят 37

قُل لِّلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِن يَنتَهُوا۟ يُغْفَرْ لَهُم مَّا قَدْ سَلَفَ وَإِن يَعُودُوا۟ فَقَدْ مَضَتْ سُنَّتُ ٱلْأَوَّلِينَ

Кул-лиллазина кафару ий-йан-таху йугфар лахум-ма кад салаф; уа ий-йа-’у-ду факад мадат Суннатул-ау-уалин

Каапырларга айт: "Эгер алар тыйылышса, мурунку кылыктары (мурдагы күнөөлөрү) кечирилет. А эгер кайтышса, аларга карата мурунку элдер колдонулган жаза ишке ашырылат.

Cүрөө: 8 | Аят 38

وَقَـٰتِلُوهُمْ حَتَّىٰ لَا تَكُونَ فِتْنَةٌۭ وَيَكُونَ ٱلدِّينُ كُلُّهُۥ لِلَّهِ ۚ فَإِنِ ٱنتَهَوْا۟ فَإِنَّ ٱللَّهَ بِمَا يَعْمَلُونَ بَصِيرٌۭ

Уа кати-лу-ухум хатта ла такуна фит-натуу-уа йакунад-Дину куллуху ли-ЛЛах; фаинин-тахау фа-инна-ЛЛаха бима йа’-малуна Басыр

Алар менен эч бир шир калбаганга чейин жана дин толук Аллах үчүн болгонго чейин согушкула. Эгерде алар тыйылышса, албетте Аллах - аларды кылгандарын толук Көрүүчү.

Cүрөө: 8 | Аят 39

وَإِن تَوَلَّوْا۟ فَٱعْلَمُوٓا۟ أَنَّ ٱللَّهَ مَوْلَىٰكُمْ ۚ نِعْمَ ٱلْمَوْلَىٰ وَنِعْمَ ٱلنَّصِيرُ

Уа ин-та-уал-лау фа’-ламу анна-ЛЛаха Маулакум. Ни’-мал-Маула уа Ни’-ман-Насыр

Эгер алар баш тартышса, анда албетте Аллах кожоюнуңар экенин билгиле. Ал - кандай сонун Колдоочу жана кандай жакшы Жардамчы!

Cүрөө: 8 | Аят 40

وَٱعْلَمُوٓا۟ أَنَّمَا غَنِمْتُم مِّن شَىْءٍۢ فَأَنَّ لِلَّهِ خُمُسَهُۥ وَلِلرَّسُولِ وَلِذِى ٱلْقُرْبَىٰ وَٱلْيَتَـٰمَىٰ وَٱلْمَسَـٰكِينِ وَٱبْنِ ٱلسَّبِيلِ إِن كُنتُمْ ءَامَنتُم بِٱللَّهِ وَمَآ أَنزَلْنَا عَلَىٰ عَبْدِنَا يَوْمَ ٱلْفُرْقَانِ يَوْمَ ٱلْتَقَى ٱلْجَمْعَانِ ۗ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌ

Уа’-ламу аннама ганим-тум-мин-шай-ин-фа-анна ли-ЛЛахи хумусаху уа лир-Расули уа лизилкурба уал-йатама уал-масакини уаб-нисса-били ин-кунтум а-мантум-би-ЛЛахи уа ма анзална ’ала ’аб-дина Йаумал-Фуркани Йау-малтакал-жам-’ан. Уа-ЛЛаху ’ала кули шай-ин Кадир

Эгер силер Аллахка, жакшы менен жаманды айырмалоочу, аскерлердин эки тобу беттешкен күнү Биз пендебизге (акыйкат менен бузукулукту ажыраткан күндү) ачканга ишенсеңер, согушта алган олжоңордун бештен бири Аллахка, Элчисине, жакын туугандарына, жетимдерге, мискиндерге, жолоочуларга тийиштүү экендигин билгиле. Аллах - бардык нерсеге кудуреттүү.

Cүрөө: 8 | Аят 41

إِذْ أَنتُم بِٱلْعُدْوَةِ ٱلدُّنْيَا وَهُم بِٱلْعُدْوَةِ ٱلْقُصْوَىٰ وَٱلرَّكْبُ أَسْفَلَ مِنكُمْ ۚ وَلَوْ تَوَاعَدتُّمْ لَٱخْتَلَفْتُمْ فِى ٱلْمِيعَـٰدِ ۙ وَلَـٰكِن لِّيَقْضِىَ ٱللَّهُ أَمْرًۭا كَانَ مَفْعُولًۭا لِّيَهْلِكَ مَنْ هَلَكَ عَنۢ بَيِّنَةٍۢ وَيَحْيَىٰ مَنْ حَىَّ عَنۢ بَيِّنَةٍۢ ۗ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَسَمِيعٌ عَلِيمٌ

Из антум-бил-’удуа-тид-дунйа уа хум-бил-’удуатил-кусуа уар-ракбу ас-фала минкум. Уа лау тауа-’аттум лахталафтум фил-ми-’ади уа лакил-лийакды-йа-ЛЛаху ам-ран кана маф-’ула; лийах-лика ман халака ’ам-Баййинатиу-уа йах-йа ман хаййа ’ам-Баййинах. Уа ин-на-ЛЛаха ла Сами-’ун ’алим

Качан силер өрөөндүн тигил тарабында болуп, алар бул тарабында болгондо, а кербен силерге жакын эле. Эгер силер бири бириңер менен макулдашсаңар да, белгиленген мөөнөттү өткөрүп ийген болот элеңер. Бирок, Аллахтын буйруганы ишке ашты. Анык далилдер боюнча өлө тургандар өлдү, а анык далилдер боюнча тирүү кала тургандар тирүү калды. Албетте, Аллах - Угуучу жана Билүүчү.

Cүрөө: 8 | Аят 42

إِذْ يُرِيكَهُمُ ٱللَّهُ فِى مَنَامِكَ قَلِيلًۭا ۖ وَلَوْ أَرَىٰكَهُمْ كَثِيرًۭا لَّفَشِلْتُمْ وَلَتَنَـٰزَعْتُمْ فِى ٱلْأَمْرِ وَلَـٰكِنَّ ٱللَّهَ سَلَّمَ ۗ إِنَّهُۥ عَلِيمٌۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ

Из йурика-хуму-ЛЛаху фи-мана-мика калила; уа лау ара-кахум касирал-ла-фашилтум уа-лата наза’-тум фил-амри уа лакинна-ЛЛаха сал-лам; иннаху ’алимум-бизатис-судур

Ошондо Аллах сага түшүңдө аларды аз кылып көргөздү. Эгерде аларды сага көп кылып көрсөткөн болсо, албетте, апкаарыйт элеңер жана бул иш боюнча талашып тартышмаксыңар. Бирок Аллах силерди куткарды. Акыйкатта ал көкүрөктөгүнү билүүчү.

Cүрөө: 8 | Аят 43

وَإِذْ يُرِيكُمُوهُمْ إِذِ ٱلْتَقَيْتُمْ فِىٓ أَعْيُنِكُمْ قَلِيلًۭا وَيُقَلِّلُكُمْ فِىٓ أَعْيُنِهِمْ لِيَقْضِىَ ٱللَّهُ أَمْرًۭا كَانَ مَفْعُولًۭا ۗ وَإِلَى ٱللَّهِ تُرْجَعُ ٱلْأُمُورُ

Уа из йури-кумухум изилта-кайтум фи а’-йуникум калилау-уа йукаллилу-кум фи а’йунихим лийакды-йа-ЛЛаху амран кана маф’ула. Уа ила-ЛЛахи туржа-’ул-умур

Силер бир-бириңер менен кездешкенде, Аллах Өзү буюрган ишти орундоо үчүн аларды көздөрүңөргө аз кылып көргөздү. Ошондой эле, силерди да алардын көздөрүнө аз кылып көрсөттү (Бардык) иштер Аллахка кайтарылат.

Cүрөө: 8 | Аят 44

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِذَا لَقِيتُمْ فِئَةًۭ فَٱثْبُتُوا۟ وَٱذْكُرُوا۟ ٱللَّهَ كَثِيرًۭا لَّعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

Йа аййу-халлазина аману иза лакитум фи-атан-фас-буту уаз-куру-ЛЛаха касирал-ла-’аллакум туфлихун

Эй, ыймандуулар! Ийгиликке жетүүңөр үчүн душман менен беттешкенде бекем болгула жана Аллахты кө эстегиле!

Cүрөө: 8 | Аят 45

وَأَطِيعُوا۟ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَلَا تَنَـٰزَعُوا۟ فَتَفْشَلُوا۟ وَتَذْهَبَ رِيحُكُمْ ۖ وَٱصْبِرُوٓا۟ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلصَّـٰبِرِينَ

Уа аты-’у-ЛЛаха уа Расу-лаху уа ла таназа-’у фатаф-шалу уа тазхаба рихукум уас-биру; инна-ЛЛаха ма’ас-Сабирин

Аллахка жана Элчисине баш ийгиле; коркпооңор, кубатыңар кетпеши үчүн талашып-тартышпагыла. Сабырдуу болгула. Чынында, Аллах сабырдуулар менен бирге.

Cүрөө: 8 | Аят 46

وَلَا تَكُونُوا۟ كَٱلَّذِينَ خَرَجُوا۟ مِن دِيَـٰرِهِم بَطَرًۭا وَرِئَآءَ ٱلنَّاسِ وَيَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ ۚ وَٱللَّهُ بِمَا يَعْمَلُونَ مُحِيطٌۭ

Уал атаку-ну каллази-на харажу мин-дийарихим батарау-уа ри-а-ан-наси уа йасуддуна ’ан-Сабили-ЛЛах;уа-ЛЛаху бима йа’-ма-луна Мухит

Адамдарга өздөрүнүн артыкчылыгын көргөзүү үчүн үй-жайларын калтырып, Аллахтын жолунан тосуп, мактанып чыккандар өңдүү болбогула! Аллах - алардын эмне кылып жаткандарын Билүүчү.

Cүрөө: 8 | Аят 47

وَإِذْ زَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيْطَـٰنُ أَعْمَـٰلَهُمْ وَقَالَ لَا غَالِبَ لَكُمُ ٱلْيَوْمَ مِنَ ٱلنَّاسِ وَإِنِّى جَارٌۭ لَّكُمْ ۖ فَلَمَّا تَرَآءَتِ ٱلْفِئَتَانِ نَكَصَ عَلَىٰ عَقِبَيْهِ وَقَالَ إِنِّى بَرِىٓءٌۭ مِّنكُمْ إِنِّىٓ أَرَىٰ مَا لَا تَرَوْنَ إِنِّىٓ أَخَافُ ٱللَّهَ ۚ وَٱللَّهُ شَدِيدُ ٱلْعِقَابِ

Уа из заййана лаху-муш-Шай-тану а’-малахум уа кала ла галиба лакумул-йаума минан-наси уа инни жарул-лакум. Фаламма тара-атил-фи-атани накаса ’ала ’аки-байхи уа кала инни бариум-минкум инни ара ма ла та-рауна инни аха-фу-ЛЛах; уа-ЛЛаху шадидул-’икаб

Ошондо шайтан алардын кылыктарын кооздоп көрсөттү да: "Бүгүн адамдардан силерди жеңүүчү жок. Чынында, мен силерге жардамчымын", деди. Эки топ аскер беттешкенде, ал - (шайтан) терс бурулду да: "Мен силерден оолакмын. Мен силер көрбөгөндү көрүп турамын. Акыйкатта, мен Аллахтан коркомун. Аллахтын жазасы катуу", - деди.

Cүрөө: 8 | Аят 48

إِذْ يَقُولُ ٱلْمُنَـٰفِقُونَ وَٱلَّذِينَ فِى قُلُوبِهِم مَّرَضٌ غَرَّ هَـٰٓؤُلَآءِ دِينُهُمْ ۗ وَمَن يَتَوَكَّلْ عَلَى ٱللَّهِ فَإِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌۭ

Из йакулул-Муна-фи-ку-на уаллазина фи кулубихим-марадун гарра хаула-и Динухум. Уа май-йата уаккал ’ала-ЛЛахи фаинна-ЛЛаха ’азизун Хаким

Ошондо эки жүздүүлөр жана жүрөгүндө дарты барлар: "Алардын дини өздөрүн азгырып кетти", - дешти, Бирок, ким Аллахка тобокел кылса, албетте Аллах Ызааттуу, Даанышман.

Cүрөө: 8 | Аят 49

وَلَوْ تَرَىٰٓ إِذْ يَتَوَفَّى ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ ۙ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ يَضْرِبُونَ وُجُوهَهُمْ وَأَدْبَـٰرَهُمْ وَذُوقُوا۟ عَذَابَ ٱلْحَرِيقِ

Уа лау тара из йатауаффал-лазина кафарул-малаикату йадри-буна уужухахум уа адбара-хум; уа зуку ’азабал-харик

Периштелер каапырларды бет менен жонго уруп: "Куйкалоочу жазаны таткыла!" - деп алардын жанын алып жатканын көргөнүңдөбү.

Cүрөө: 8 | Аят 50

ذَٰلِكَ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيكُمْ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَيْسَ بِظَلَّـٰمٍۢ لِّلْعَبِيدِ

Залика бима каддамат айди-кум уа анна-ЛЛаха лайса би-залламил-лил-’абид

Бул силердин өз колуңар менен кылганыңар үчүн. Аллах пенделерине зулум кылуучу эмес.

Cүрөө: 8 | Аят 51

كَدَأْبِ ءَالِ فِرْعَوْنَ ۙ وَٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ۚ كَفَرُوا۟ بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ فَأَخَذَهُمُ ٱللَّهُ بِذُنُوبِهِمْ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ قَوِىٌّۭ شَدِيدُ ٱلْعِقَابِ

Када-би Али-Фир-’ауна уаллазина мин-каблихим; кафару би-Айа-ти-ЛЛахи фа-ахаза-хуму-ЛЛаху би-зуну-бихим. Инна-ЛЛаха Ка-уиййун шадидул-’икаб

Жоруктары Фараондун эли жана андан мурунку элдердики сыяктуу. Алар Аллахтын аяттарына каапырлык кылышкан. Аллах аларды күнөөлөрү үчүн жазалады. Акыйкатта, Аллах - Ку- баттуу жана азабы катуу.

Cүрөө: 8 | Аят 52

ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ لَمْ يَكُ مُغَيِّرًۭا نِّعْمَةً أَنْعَمَهَا عَلَىٰ قَوْمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُوا۟ مَا بِأَنفُسِهِمْ ۙ وَأَنَّ ٱللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌۭ

Залика би-анна-ЛЛаха лам йаку мугай-йиран-ни’матан ан’амаха ’ала каумин хат-та йугай-йиру ма би-анфу-сихим уа анна-ЛЛаха Сами’ун-’алим

Аллах бир коомго берген жакшылыктарын ал коом өздөрүн өзгөртмөйүнчө өзгөртпөйт. Албетте, Аллах Угуучу, Билүүчү.

Cүрөө: 8 | Аят 53

كَدَأْبِ ءَالِ فِرْعَوْنَ ۙ وَٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ۚ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِ رَبِّهِمْ فَأَهْلَكْنَـٰهُم بِذُنُوبِهِمْ وَأَغْرَقْنَآ ءَالَ فِرْعَوْنَ ۚ وَكُلٌّۭ كَانُوا۟ ظَـٰلِمِينَ

Када-би Али-Фир-’ауна уалалзина мин-каблихим; каззабу би-Айати Раббихим фаахлак-нахум-бизуну-бихим уа аграк-ана Ала-Фир’аун; уа кул-лун-кану за-лимин

Жоруктары Фараондун эли жана андан мурунку элдердики сыяктуу. Алар Эгесинин аяттарын жалганга чыгарышты. Аларды күнөөлөрү себептүү кыйратып, Фараондун коомун сууга чөктүрдүк. Алардын баары заалым болушкан эле.

Cүрөө: 8 | Аят 54

إِنَّ شَرَّ ٱلدَّوَآبِّ عِندَ ٱللَّهِ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ فَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ

Инна шарад-дауабби ’инда-ЛЛахил-лазина кафару фахум ла йу-минун

Акыйкатта, Аллахтын алдында жандуулардын эң жаманы каапырлар. Алар эч качан ыйман келтиришпейт.

Cүрөө: 8 | Аят 55

ٱلَّذِينَ عَـٰهَدتَّ مِنْهُمْ ثُمَّ يَنقُضُونَ عَهْدَهُمْ فِى كُلِّ مَرَّةٍۢ وَهُمْ لَا يَتَّقُونَ

Аллазина ’ахатта минхум сумма йанку-дуна ’ахдахум фи кули марратиу-уа хум ла йатта-кун

Сен алар менен келишим түзгөндөн кийин, алар ар качан аны бузушат. Алар Аллахтан коркушпайт.

Cүрөө: 8 | Аят 56

فَإِمَّا تَثْقَفَنَّهُمْ فِى ٱلْحَرْبِ فَشَرِّدْ بِهِم مَّنْ خَلْفَهُمْ لَعَلَّهُمْ يَذَّكَّرُونَ

Фа-имма таскафаннахум фил-харби фашаррид бихим-ман хал-фахум ла’аллахум йаз-закка-рун

Сен алар менен согушта беттешкенде, алардын артынан ээрчигендерге сабак болгудай катуу жазала! Балким, эстерине келишээр.

Cүрөө: 8 | Аят 57

وَإِمَّا تَخَافَنَّ مِن قَوْمٍ خِيَانَةًۭ فَٱنۢبِذْ إِلَيْهِمْ عَلَىٰ سَوَآءٍ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلْخَآئِنِينَ

Уа имма тахафанна мин-каумин хийанатан фамбиз илай-хим ’ала-сауа; инна-ЛЛаха ла йухиббул-ха-инин

Эгер сен кыянаттарынан корксоң, алар менен болгон келишимди тегиз үз. Акыйкатта Аллах кыянаткерлерди сүйбөйт.

Cүрөө: 8 | Аят 58

وَلَا يَحْسَبَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ سَبَقُوٓا۟ ۚ إِنَّهُمْ لَا يُعْجِزُونَ

Уа ла йахса-баннал-лазина кафару сабаку; иннахум ла йу’-жизун

Каапырлар озуп кеттик деп ойлошпосун. Албетте, алар алсырата алышпайт.

Cүрөө: 8 | Аят 59

وَأَعِدُّوا۟ لَهُم مَّا ٱسْتَطَعْتُم مِّن قُوَّةٍۢ وَمِن رِّبَاطِ ٱلْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِۦ عَدُوَّ ٱللَّهِ وَعَدُوَّكُمْ وَءَاخَرِينَ مِن دُونِهِمْ لَا تَعْلَمُونَهُمُ ٱللَّهُ يَعْلَمُهُمْ ۚ وَمَا تُنفِقُوا۟ مِن شَىْءٍۢ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ يُوَفَّ إِلَيْكُمْ وَأَنتُمْ لَا تُظْلَمُونَ

Уа а-’идду лахум-мас-тата’тум-мин-куу-уатиу-уамир-рибатыл-хайли турхибуна бихи ’адуу-уа-ЛЛахи уа ’адуууа-кум уа ахарина мин-дунихим, ла та’-ламу-нахум, А-ЛЛаху йа’ламухум. Уа ма тунфику мин-шай-ин-фи-Саби-ли-ЛЛахи йууаффа илайкум уа антум ла тузламун

Аллахтын душманын, өз душманыңарды жана башка силер билбеген, бирок Аллах билген душмандарыңарды коркунучта кармоо үчүн аларга каршы күч-кубат жана атчандарды толук даярдыкта кармагыла! Силердин Аллах жолуна сарптаганыңар өзүңөргө толук кайтарылат. Адилетсиздик кылынбайт.

Cүрөө: 8 | Аят 60

۞ وَإِن جَنَحُوا۟ لِلسَّلْمِ فَٱجْنَحْ لَهَا وَتَوَكَّلْ عَلَى ٱللَّهِ ۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ

Уа ин-жанаху лис-салми фажнах лаха уа та-уаккал ’ала-ЛЛах; инна-ху Хууас-Сами-’ул-’алим

Эгер алар тынчтыкка келишсе, сен да тынчтыкка кел жана Аллахка тобокел кыл. Акыйкатта, Ал - Угуучу, Билүүчү.

Cүрөө: 8 | Аят 61

وَإِن يُرِيدُوٓا۟ أَن يَخْدَعُوكَ فَإِنَّ حَسْبَكَ ٱللَّهُ ۚ هُوَ ٱلَّذِىٓ أَيَّدَكَ بِنَصْرِهِۦ وَبِٱلْمُؤْمِنِينَ

Уа ий-йури-ду ай-йахда-’ука фа-инна хасбака-ЛЛах. Хууал-лази аййа-дака бинас-рихи уа бил-Му-минин

Эгер алар сени алдоону каалашса, албетте Аллах сага жетиштүү (коргоочу)! Ал Өз жардамы жана момундардын жардамы менен сени бекемдеди.

Cүрөө: 8 | Аят 62

وَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِهِمْ ۚ لَوْ أَنفَقْتَ مَا فِى ٱلْأَرْضِ جَمِيعًۭا مَّآ أَلَّفْتَ بَيْنَ قُلُوبِهِمْ وَلَـٰكِنَّ ٱللَّهَ أَلَّفَ بَيْنَهُمْ ۚ إِنَّهُۥ عَزِيزٌ حَكِيمٌۭ

Уа аллафа байна кулуби-хим. Лау анфакта ма фил-арды жами-’ам-ма аллафта байна кулу-бихим уа ла-кинна-ЛЛаха аллафа бай-нахум; иннаху ’азизун Хаким

Ал алардын жүрөктөрүн бириктирди. Эгер сен жер үстүндөгүлөрдүн баарын берсең дагы алардын жүрөктөрүн бириктире албас элең. Анткен менен, Аллах аларды бириктирди. Албетте, Ал - Ызааттуу, Даанышман.

Cүрөө: 8 | Аят 63

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ حَسْبُكَ ٱللَّهُ وَمَنِ ٱتَّبَعَكَ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ

Йа аййу-хан-Набиййу хасбу-ка-ЛЛаху уа маниттаба’ака минал-Му-минин

Эй, пайгамбар! Сага жана сени ээрчиген момундарга Аллах (толук) жетиштүү.

Cүрөө: 8 | Аят 64

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ حَرِّضِ ٱلْمُؤْمِنِينَ عَلَى ٱلْقِتَالِ ۚ إِن يَكُن مِّنكُمْ عِشْرُونَ صَـٰبِرُونَ يَغْلِبُوا۟ مِا۟ئَتَيْنِ ۚ وَإِن يَكُن مِّنكُم مِّا۟ئَةٌۭ يَغْلِبُوٓا۟ أَلْفًۭا مِّنَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌۭ لَّا يَفْقَهُونَ

Йа аййухан-Набиййу харридыл-Му-минина ’алал-ки-тал. Ий-йакум-мин-кум ’иш-руна саби-руна йаг-либу ми-атайн; уа ий-йакум-минкум-миатуй-йаг-либу ал-фам-миналлазина кафару би-аннахум каумул-ла йафка-хун

Эй, пайгамбар! Момундарды согушка кызыктыр. Эгер силерден сабырдуу жыйырма киши болсо, эки жүздү жеңет. А эгер силерден жүз киши болсо, каапырлардын миңин жеңет. Анткени, алар (каапырлар) акыйкатты түшүнбөөчүлөр.

Cүрөө: 8 | Аят 65

ٱلْـَٔـٰنَ خَفَّفَ ٱللَّهُ عَنكُمْ وَعَلِمَ أَنَّ فِيكُمْ ضَعْفًۭا ۚ فَإِن يَكُن مِّنكُم مِّا۟ئَةٌۭ صَابِرَةٌۭ يَغْلِبُوا۟ مِا۟ئَتَيْنِ ۚ وَإِن يَكُن مِّنكُمْ أَلْفٌۭ يَغْلِبُوٓا۟ أَلْفَيْنِ بِإِذْنِ ٱللَّهِ ۗ وَٱللَّهُ مَعَ ٱلصَّـٰبِرِينَ

Ал-ана хаффа-фа-ЛЛаху ’анкум уа ’алима анна фи-кум да’-фа. Фа-ий-йакум-минкум-ми-атун-Сабиртай-йаг-либу ми-атайн. Уа ий-йакум-минкум алфуй-йаг-либу алфайни би-Изни-ЛЛах; уа-ЛЛаху ма’ас-Сабирин

Азыр Аллах силерден (жүктү) жеңилдетти. Анткени Ал силердин алсыздыгыңарды билет. Андыктан, силерден сабырдуу жүз киши болсо, эки жүздү жеңет. А эгер силерден миң болсо, Аллахтын уруксаты менен эки миңди жеңет. Аллах сабырдуулар менен бирге.

Cүрөө: 8 | Аят 66

مَا كَانَ لِنَبِىٍّ أَن يَكُونَ لَهُۥٓ أَسْرَىٰ حَتَّىٰ يُثْخِنَ فِى ٱلْأَرْضِ ۚ تُرِيدُونَ عَرَضَ ٱلدُّنْيَا وَٱللَّهُ يُرِيدُ ٱلْـَٔاخِرَةَ ۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌۭ

Ма кана ли-Набиййин ай-йакуна лаху асра хатта йусхина фил-ард. Тури-дуна ’арадад-дунйа, уа-ЛЛаху йуридул-Ахирах; уа-ЛЛаху ’азизун Хаким

Эч бир пайгамбарга жер жүзүндө жоодон өктөм болгонго чейин туткун кармоо мүмкүн эмес. Силер дүйнө пайдасын ойлойсуңар. А Аллах (силерге) акыретти каалайт. Аллах - Ызааттуу, Даанышман.

Cүрөө: 8 | Аят 67

لَّوْلَا كِتَـٰبٌۭ مِّنَ ٱللَّهِ سَبَقَ لَمَسَّكُمْ فِيمَآ أَخَذْتُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌۭ

Лау ла Китабум-мина-ЛЛахи сабака ламассакум фима ахазтум ’азабун ’азым

Эгер Аллахтан жазуу (өкүм) болбосо, алгандарыңар үчүн силерге зор жаза келээр эле.

Cүрөө: 8 | Аят 68

فَكُلُوا۟ مِمَّا غَنِمْتُمْ حَلَـٰلًۭا طَيِّبًۭا ۚ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ

Факулу мимма ганимтум халалан таййиба; уат-таку-ЛЛах; инна-ЛЛаха Гафурур-Рахим

Олжо кылып алган адал, тазаны жегиле! Аллахтан сактангыла (корккула)! Акыйкатта, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.

Cүрөө: 8 | Аят 69

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ قُل لِّمَن فِىٓ أَيْدِيكُم مِّنَ ٱلْأَسْرَىٰٓ إِن يَعْلَمِ ٱللَّهُ فِى قُلُوبِكُمْ خَيْرًۭا يُؤْتِكُمْ خَيْرًۭا مِّمَّآ أُخِذَ مِنكُمْ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ۗ وَٱللَّهُ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ

Йа-аййухан-Набиййу кул-лиман-фи айдикум-минал-асра ий-йа’лами-ЛЛаху фи кулу-бикум хай-рай-йу-тикум хайрам-мим-ма ухиза минкум уа йагфир лакум; уа-ЛЛаху Гафурур-Рахим

Эй, пайгамбар! Колуңардагы туткундарга: "Эгер Аллах жүрөктөрүңөрдө бир жакшылык бар экенин билсе, силерге өзүңөрдөн алынгандан да артыгын берет. Жана силерди кечирет. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү!" - дегин.

Cүрөө: 8 | Аят 70

وَإِن يُرِيدُوا۟ خِيَانَتَكَ فَقَدْ خَانُوا۟ ٱللَّهَ مِن قَبْلُ فَأَمْكَنَ مِنْهُمْ ۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

Уа ий-йуриду хийанатака факад хану-ЛЛаха мин-каблу фа-амкана минхум. Уа-ЛЛаху ’алимун Хаким

Эгер (туткундар) сага кыянат кылууну каалашса, чынында алар мурда Аллахка да кыянат кылышкан эле. Андыктан, сени аларга үстөм кылды. Аллах - Билүүчү, Даанышман.

Cүрөө: 8 | Аят 71

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَهَاجَرُوا۟ وَجَـٰهَدُوا۟ بِأَمْوَٰلِهِمْ وَأَنفُسِهِمْ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱلَّذِينَ ءَاوَوا۟ وَّنَصَرُوٓا۟ أُو۟لَـٰٓئِكَ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَآءُ بَعْضٍۢ ۚ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَلَمْ يُهَاجِرُوا۟ مَا لَكُم مِّن وَلَـٰيَتِهِم مِّن شَىْءٍ حَتَّىٰ يُهَاجِرُوا۟ ۚ وَإِنِ ٱسْتَنصَرُوكُمْ فِى ٱلدِّينِ فَعَلَيْكُمُ ٱلنَّصْرُ إِلَّا عَلَىٰ قَوْمٍۭ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُم مِّيثَـٰقٌۭ ۗ وَٱللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌۭ

Иннал-лазина аману уа хажру уа жахаду би-амуа-лихим уа ан-фусихим фи Сабили-Лахи уаллазина а-уау-уа насару ула-ика ба’духум аули-йа-у ба’-д. Уалла-зина аману уа лам йухажиру ма лакум-ми у-уалайатихим-мин-шай-ин хатта йуха-жиру; уа инистансарукум фид-дини фа-’алайкумун-насру илла ’ала каумим-байнакум уа байна-хум-Мисак. Уа-ЛЛаху би-ма та’малуна Басыр

Чынында, ыйман келтирип, жер которуп , мал-жаны менен Аллах жолунда күрөшкөндөр жана аларга үй-жай берип жардамдашкандар - бири бирине дос! Ал эми ыйман келтирип, көчө албагандарга, алар көчкөнгө чейин силер (менен) алардын ортосунда жакындык жок. Эгер алар силерден дин жайында бир жардам сураса, жардам кылуу силерге милдет. Бирок, алар силер менен келишим түзгөн элде болсо, анын жөнү башка. Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды көрүп турат.

Cүрөө: 8 | Аят 72

وَٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَآءُ بَعْضٍ ۚ إِلَّا تَفْعَلُوهُ تَكُن فِتْنَةٌۭ فِى ٱلْأَرْضِ وَفَسَادٌۭ كَبِيرٌۭ

Уалла-зина кафару ба’духум аули-йа-у ба’-д; илла таф-’алуху такун-фитнатун-фил-арды уа фасадун-кабир

Каапырлар бири-бирине дос! Эгерде алардан сактанбасаңар, жер жүзүндө чуу жана зор бузукулуктар болот.

Cүрөө: 8 | Аят 73

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَهَاجَرُوا۟ وَجَـٰهَدُوا۟ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱلَّذِينَ ءَاوَوا۟ وَّنَصَرُوٓا۟ أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُؤْمِنُونَ حَقًّۭا ۚ لَّهُم مَّغْفِرَةٌۭ وَرِزْقٌۭ كَرِيمٌۭ

Уал-ла-зина аману уа ха-жару уа жахаду фи-Сабили-ЛЛахи уалла-зина ауау-уа насару ула-ика хумул-Му-минуна хакка; лахум-магфиратуу-уа ризкун-Карим

Ыйман келтирип, жер которушкандар, Аллах жолунда мал-жанын аябай күрөшкөндөр менен аларга үй-жай берип жардам кылгандар - булар нагыз момундар. Аларга кечирим жана кең ырыскы бар.

Cүрөө: 8 | Аят 74

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ مِنۢ بَعْدُ وَهَاجَرُوا۟ وَجَـٰهَدُوا۟ مَعَكُمْ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ مِنكُمْ ۚ وَأُو۟لُوا۟ ٱلْأَرْحَامِ بَعْضُهُمْ أَوْلَىٰ بِبَعْضٍۢ فِى كِتَـٰبِ ٱللَّهِ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌۢ

Уалла-зина аману мим-ба’-ду уаха-жару уажахаду ма-’акум фаула-ика минкум. Уа улул-архами ба’-духум аула биба’-дын-фи Китаби-ЛЛах. Ин-на-ЛЛаха би-кулли шай-ин ’алим.

Кийин ыйман келтиргендер, жер которгондор жана силер менен бирге дин үчүн күрөшкөндөр, алар - силерден. Бирок, кандаш бир туугандар Аллахтын Китеби боюнча бири-бирине жакын. Акыйкатта, Аллах - бардыгын Билүүчү!

Cүрөө: 8 | Аят 75